Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-4
“Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.”
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
(Отчету тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун отчету.
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү заседаниенин катышуучулары!
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы 2017-жылдын 17-февралында официалдуу түрдө өз ишин баштаган. Буга чейин аткарылган иштер боюнча кварталдык жана жылдык отчетторун тапшырып келе жатабыз.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат-Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы 2017-жылы, жыл ичинде төмөндөгүдөй иштерди аткарды. Алгач, Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан эч кимдин балансында эмес КТП ларды электр чордондорун инвентаризация кылуу менен санын тактап аны Ноокат электр тармактары ишканасынын балансына каттатуу боюнча кат жолдоп азыркы күндө эч кимдин балансында эмес КТПларды баланска алуу иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө 9 КТП электр чордону баланска алынды. Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү № 30, М.Эргешов көчөсүндөгү № 22,24,26, С.Алимбаев көчөсүндөгү № 40, 42, 44, 51, 52, 53 жана Ханкелдиев көчөсүндөгү № 1,2,3 көп кабатту үйлөрүнө 3 даана шиттер алынган (без опора) электр эсептегичтери орнотулду. Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана шаарды жарыктандыруу максатында Ноокат шаарынын Ош көчөсүнө 12 даана, Ленин көчөсүнө 17даана , С.Алимбаев көчөсүнө 20 даана, О.Солтобаев көчөсүнө 5 даана жана Ноокат шаарынын борбордук айлампасына, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына жалпы 64 даана диотный электр жарыктары коюлду.
Урматтуу депутаттар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 28-апрелиндеги “Ош облусунун экономикалык тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилинен өткөрүүнүн жыйынтыктары жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, пайдаланган электр энергиясы үчүн дебитордук карызды жоюуда райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 05-июнундагы №40 токтому жана “Ош электро”акционердик коомунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө ”№07-к токтомун аткарууга алуу максатында Ленин жана О.Солтобаев көчөлөрүнө 750 метрге электр чубалгысы, Самиев мектебинин КТП электр чордонун өз эсебимден 4500 сомдук акча каражаты жумшалды, анткени 2017-жылга бюджет бекитилип калгандыктан акча каражаты ажыратылбай калган эле.
Ноокат шаарына караштуу О.Солтобаев, С.Алимбаев жана Ленин көчөлөрүндөгү светофорлорду оңдоп, жараксыз лампаларды алмаштыруу иштери жүргүзүлдү 153 000 сомдук жумуш аткарылды. Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасына 1,5 км ге 65 140 сомдук электр чырактары орнотулду. Ноокат шаарынын Символикасын сырдоо жана шаар ичиндеги көчөлөргө майрамдык иштерге байрактар даярдалып илинүү иштерине 45 300 сом жумшалды. Ноокат шаарынын борбордук айлампасындагы жараксыз абалга келип калган лампалардын ордун, электродиоттук лампалар менен алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, 12 даана лампалар алмаштырылды жана борбордук айлампадагы түндүктү сырдоо, шаар ичиндеги көчөлөргө желектерди алмаштыруу, жаңыдан жасап илүү үчүн 60 000 миң сомдук жумуштар аткарылды.
Урматтуу депутаттар!
2018-жылга карата
2018-жылы Кыргыз Республикасынын “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата Кылмыштуулуктун жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши тарабынан акча каралып, бүгүнкү күндө Ноокат шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча Ноокат шаарынын Ош көчөсүнө жолдун эки тарабына 2 кмге, 87 даана 100 ваттык электодиоттук түнкү жарыктар коюлду. Жалпы суммасы 657 500 сомду түздү. Келечекте Ноокат шаарынын бардык көчөлөрүн жарыктандырабыз деген пландын үстүндө тийиштүү адистер менен сметаларды даярдап жатабыз. Кыргыз элибиздин даталуу күндөрүнө карата, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата лозунга жана банерлерди жасоо, илүү иштери жүргүзүлүп жатат жыйынтыгында 179 100 сомдук иштер аткарылды. Борбордук айлампадагы тосмолорду,тротуарларды жарыктандыруу боюнча сессияга сунуш жазганга смета даярдалып жатат. Борбордук Н.Исанов атындагы сейил багына 500 метр жерге 52 500 сомдук түнкү чырактар орнотулду. Кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр катышкан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Ноокат шаарынын Ош жана Партсьезд көчөлөрүнүн кесилишине жана Ноокат шаарына караштуу “У.Салиева” балдар бакчасынын түштүк –чыгыш тарабына, Ноокат шаарына караштуу Абдиваитов орто мектебинин түштүк-чыгыш тарабына, Ноокат шаарынын Барын аймагынын Абдуллаев орто мектебинин чыгыш тарабына 796 миң сомго светофорлор орнотулду. Ошондой эле Эргешов, Алимбаев, Ленин көчөлөрүнө жана Барын аймагынын Аэропорт № 1,2,3,4 көчөлөрүнө түнкү жарыктарды орнотуу боюнча тендер жарыяланып, жакынкы күндөрдө тендерден уткан компания иш баштоо алдында турат.Төлөнов көчөсүнө суммасы 387 000 сомдук КТП 250 ваттык трасформатор орнотулду.
Ноокат шаарына караштуу С.Алимбаев көчөсүнүн № 42 көп кабаттуу үйүнүн жашоочуларынын 2018-жылдын 10-сентябрындагы түнкү жарыктарды коюп берүү боюнча кайрылган.
2019-жылга карата Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн арасындагы тар көчөлөрдү (переулокторду) жарыктандыруу боюнча биздин планга киргизилген жакынкы күндөрдө Ноокат шаардык кеңешинин сессиясына сунуштайбыз жана сессиянын жыйынтыгы менен аткарабыз деген ниеттемин. Келечекте дагы да аткарыла турган көп пландардын үстүндө иштеп жатабыз .
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси | А.Эгемберди уулу |