Редакцияот 25.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынынXIV сессиясы

2018-жылдын 25-сентябры № XIV-7

 “Ноокат шаарына караштуу Крупская атындагы орто мекетебинин 2 даана отказандарын жаны отказандарына алмаштыруу жана мектептин алдындагы интернаттын жылытуу радиаторлорун алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.”

Ноокат шаарына караштуу Крупская атындагы орто мекетебинин 2 даана отказандарын жаны отказандарына алмаштыруу жана мектептин алдындагы интернаттын жылытуу радиаторлорун алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.Ноокат шаарына караштуу Крупская атындагы орто мекетебинин 2 даана отказандарын (400 kw)жаны, 2 даана көлөмү 600 kw отказандарына алмаштыруу жана мектептин алдындагы интернаттын жылытуу радиаторлорун алмаштыруу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров