Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-8
“Ноокат шаарынын башкы планын иштеп чыгууга уруксат берүү жана акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө ”
Ноокат шаарынын 2018-2040 жылдарга каратабашкы планын иштеп чыгуу үчүн уруксат берүү жана акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын 2018-2040 жылдарга карата башкы планын иштеп чыгууга макулдук берилсин.
2.Ноокат шаарынын башкы планын иштеп чыгууга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке келип түшкөн 5 000 000 (беш милион) сом акча каражаты жумшалсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |