Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-9
“Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражатын берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын 2018-жылда өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |