Редакцияот 25.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын XIV сессиясы

2018-жылдын 25-сентябры № XIV-10

“Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө “

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов орто мектебине 2018 жылда өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов орто мектебине 2018- жылда өткөрүлгөн тендерден үнөмлөлгөн акча каражатынын эсебинен 322 351 (үч жүз жыйырма эки миң үч жүз элүү бир) сом ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров