Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-11
“Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин аянтынын ичинен чыгыш тарабындан ФАП куруу үчүн жер аянты ажыратып берүү жөнүндө.”
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин аянтынын ичинен чыгыш тарабындагы 4,5 сотых жер аянтына ФАП куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 19-беренесине ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин аянтынын ичинен чыгыш тарабындагы 4,5 сотых жер аянты ФАП куруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |