Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № YIII /III
«Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын кайрылуусун кароо жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморованын 2017-жылдын 29-ноябрындагы кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморованын 2017-жылдын 29-ноябрындагы кайрылуусу канааттандырылып 2018-жылга ар түрдүу чыгымдарга каралган акча-каражаты 442,2мин сомго бекитилсин.
2. Бекитилип берилген акча-каражаттар төмөндөгү иштерди аткарууга жумшалсын;
-Балдардын тамагына азык-түлүк алууга 150,0(жүз элүү мин)сом,
-Бала бакчанын ремонт иштерине 20,0(жыйырма мин)сом,
-Бала бакчанын ар түрдүү чыгымдарына 10,0(он мин)сом,
-Бала бакчага көзөмөл камераларын орнотууга 30,0(отуз мин)сом,
-Электро плита алууга 16,0(он алты мин)сом,
-Бала бакчанын суу акысына 10,0(он мин)сом,
-Бала бакчага көмүр алууга 35тн-105,0(Бир жүз беш мин)сом,
-Бала бакчанын электр энергия акысына 101,2(Бир жүз бир мин эки жүз)сом.
Баардыгы: 442,2(төрт жүз кырк эки мин эки жүз)сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага жана Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморовага тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |