Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-декабры № 17/3
«Чет-Нура айыл аймагында “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу жөнүндө»
Чет-Нура айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо —III”, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу долбоорунун алкагында Орто-Нура аркылуу тандалып алынган Көк-Ой участкасындагы 1 Га (контур №2720), Суу-Корук участкасындагы 2 Га (контур №2061) жер аянтына тал терек тигүү долбоору ишке ашырылат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын жер комиссиясынын сунушу менен Орто-Нура айылындагы Көк-Ой жана Суу-Корук участкасындагы жалпы 3 Га жер аянты “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында бөлүнүп берилсин.
2. “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында жана жогорудагы компоненттин иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 19-декабрь 2014-жылдагы №143 буйругунун негизинде түзүлгөн тандап алуу, мониторинг жана баалоо боюнча (ГСМиО) комиссиянын курамы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергенов тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жакыпов |