Редакцияот 25.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XVI чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы

2016-жылдын 25-августу № 73

КРƟнγн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн ортосундагы тγзγлгөн келишимди бекитγγ жөнγндө

КРƟнγн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Достук айыл аймагынын айыл өкмөтγнγн ортосунда тγзγлгөн келишимди бекитγγ жөнγндөгγ маселени КР Конституциясын, «Жергиликтγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө» Мыйзамынын негизинде Достук айыл аймагынын айылдык кенешинин XVI чакырылыштагы XVIII кезекcиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлγмγнө жарандардын туулгандыгы жөнγндө актыны, никелешγγ жөнγндө актыны, өлгөндγгγ жөнγндөгγ актыны, аталыкты аныктоо жөнγндөгγ актыны каттоо жана чогултуу боюнча, документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтγγ өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берγγ жөнγндө КРƟнγн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Достук айыл өкмөтγнγн ортосундагы тγзγлгөн келишим бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Божокоев