Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № III /II
“Ача-Кайынды бала бакча башчысы С.Оморованын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Ача-Кайынды бала бакча башчысы С.Оморованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды бала бакча башчысы С.Оморованын бала бакчага жетишпеген жабдуу эмеректер алуу боюнча Япон грант программасына жазган долбоорунун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен бөлдүрүп берүүнү сураган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды бала бакчсына Япон гранттын “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” программасынан келүүчү материалдык баалуулуктарды алуу үчүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен37360 (отуз жети мин үч жүз алтымыш сом)которулуп берилсин.
3. Япон гранттын программасынан Ача-Кайынды бала бакчасына келүүчү материалдык баалуулуктарды түзүлгөн долбоорго ылайык алууга жетишүү жагы бала бакча башчысы С.Оморовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |