Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № III /III
“Ача-Кайынды айылынын Кадыр агай көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Ача-Кайынды айылынын Кадыр агай жана жаны конуш көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айылынын Кадыр агай жана жаны конуш көчөсүнүн жашоочуларынын электр энергиясынын зым чубалгысын жаныртып тарттырып берүүнү сураган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айылынын Кадыр агай жана жаны конуш көчөсүнүн жашоочуларынын электр энергиясынын зым чубалгысын жаныртып тартырууга айыл өкмөттүн үнөмдөлгөн акча-каражаттын эсебинен жаны конушка 1600метр жерге,Кадыр агай көчөсүнө электр зым чубалгасын алып берүүгө 100,0(жүз)мин сом бөлүнүп берилсин жана жыл ичинде аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |