Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № III / IV
“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн 81,9 (сексен бир мин тогуз жүз)сом акча каражаттар төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн.
-Аксакалдар сотунун печат,штампын жазатууга 10,0(он мин)сом.
-Соц адис зордук-зомбулук иш чарасын аткарууга 3,0(үч мин)сом.
-Кассовый аппараттын услугасына 1,8(бир мин сегиз жүз)сом,термо бумага алууга 0,7(жети жүз)сом.
-Экологияга (за грязнение)66,4(алтымыш алты мин төрт жүз)сом.
2. Бул акча-каражаттарга кошумча план түздүрүү жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |