Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № III/V
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн акча-каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн 259,7 сом,(эки жүз элүү тогуз мин жети жүз) сом акча каражаттар төмөндөгү жумуштарды аткарууга кайра бөлүштүрүлсүн:
-Ача-Кайынды айылынын Кадыр агай жана Жаны конуш көчөлөрүнө электр линиясына зым алууга 80,1 (сексен мин бир жуз)сом.
-Түшүм майрамын өткөрүүгө 30,0 (отуз мин)сом.
-Айыл аймагында ыр кесе өткөрүүгө 20,0 (жыйырма мин )сом.
-Ача-Кайынды бала бакчасына япон грантына алынуучу материалдык баалуулуктарга өздүк салым 37,4 (отуз жети мин торт жүз )сом.
-Кассовый аппаратка термо бумага алууга 0,1( бир жүз)сом.
-Мектептин күлүн чыгартууга 14,3(он төрт мин үч жүз)сом.
-Айыл окмоттун иш кагаздарын жүргүзүүгө 2,8 (эки мин сегиз жүз) сом
-Муниципалдык объектилердин жана көчө түнкү жарыктандыруунун тех.шарттарын алууга 60,0(алтымыш мин) сом.
Жаны коюлуучу подстанциянын сметалык долбоордук документин түздүртүүгө 15,0(он беш мин) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын
Төрага | А.Мурзалиев |