Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-августу № 2
“Казыбек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ремонтуна, мебель алганга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ремонтуна, мебель алганга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 343280 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Казыбек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин ремонтуна, мебелге бөлүнгөн 343280 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |