Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-августу № 3
“Казыбек айылынын тургуну Кожониязов Кыдыгалыга жана Абдылдабеков Жээнбекке айылдын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө”
Казыбек айылынын тургуну, билим берүүнүн отличниги, окуучуларга патриоттук тарбия берүүдө, ошондой эле айылга кошкон салымын, көп жылдык эмгегин эске алуу жана жалпы элдин макулдугу менен ардактуу эс алууда жүргөн Кожониязов Кыдыгалыга жана ошондой эле айылдын тургуну айыл өкмөтүнө көп салым кошкон, ошондой эле эң мыкты механизатор ардактуу эс алууда жүргөн Абдылдабеков Жээнбекке айылдын “Ардактуу атуулу” наамын берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын тургуну, билим берүүнүн отличниги, окуучуларга патриоттук тарбия берүүдө, ошондой эле айылга кошкон салымын, көп жылдык эмгегин эске алып жана жалпы элдин макулдугу менен ардактуу эс алууда жүргөн Кожониязов Кыдыгалыга айылдын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин деген сунуш бекитилсин.
2. Казыбек айылынын тургуну, айыл өкмөтүнө көп салым кошкон, ошондой эле эң мыкты механизатор ардактуу эс алууда жүргөн Абдылдабеков Жээнбекке айылдын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин деген элдик жыйындын сунушу бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |