Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-августу № 5
“Замир уулу Алыбектин арызы жөнүндө”
Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылындагы мечит жамаатына тиешелүү мечит менен айылдык клубдун ортосундагы клубга чийилип калган 202 м2 жер аянтын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы клуб менен мечиттин ортосундагы 202 м2 жер аянты Казыбек айылындагы “Б.Томотоев” атындагы маданият үйүнө чийилип калган, бирок бүгүнкү күнү бул аянт мечитке тиешелүү болгондуктан мечитке бекитип берилсин.
2. Казыбек айылындагы мечиттин аянтын толуктап, тактап, ченеп жана чечим чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |