Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-августу № 15
“Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине сатуудан ашыкча келип түшкөн акча каражатынын сметасын бекитүү жөнүндө”
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Б.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Казыбек айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн счетуно 2017-жылга сатуудан ашыкча келип түшкөн акча каражатын 1628000 сомунун сметасы бекитилсин.
2.Жогоруда кошумча каражаттын чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин
22141100 | Бензин | 35,0 | 3111 | Имараттар курулуштар | 1319,9 |
22154100 | Жол куттуктоо подарка | 25,0 | 3112 | Машина жабдуулар | 228,0 |
22211200 | Кур-ды учур оңдоо | 20,1 |
|
|
|
|
Баары: 1628000-00 |
|
|
|
|
3.Казыбек айыл өкмөтүнө келип түшкөн кошумча акча каражаттын Н.Үсөналиев атындагы орто мектебини №66 кайрылуусунун негизинде беш күндүккө өткөндүктөн үч кошумча класстын толук ремонту инвентары үчүн 500000 сом, “Жеткинчек” балдар бакчасынын кайрылуусунун негизинде видео көзөмөл алуу үчүн 20000 сом. “Айданек” балдар бакчасынын курулушу үчүн өздүк салымына 1000000 сом берилсин, Жаңы-Күч айылдык жаңы курулуп жаткан библиотекасынын ички жабдуулары электр энергиясын жана жылытуучу шаймандары алуу үчүн 50000 сом библиотека клубдун электр чубалгылары жаан шамалдан күйүп кеткендиктен кайра жаңылоо үчүн 10000 сом, клубдун усилителинин пшалкасы үчүн 8000 сом, айылдык спорттун катышуучуларына 10000 сом айыл өкмөтүнүн кеңсеси эскилиги жетип жааган жаан кеңсеге агып калгандыктан чатырын алмаштыруу жана көчө тарабынан ограждение менен тосууга крыльцосцн алмаштырууга 343300 сом. Айылда уюшулган фольклордук ырчыларга 25000-00 сом жол фестивалдарга барууга күйүүчү май үчүн, фестивалдарга барганда атаандаштарга жолугушууларда подаркаларды берүү үчүң 25000-00 сом бөлүнүп берилсин. Кошой көчөсү асфальттангандыктан машинелер катуу ылдамдыкты азайтуучу асфальтка төшөлүүчү жол эрежесинин белгиси үчүн 10080 сом.
Казыбек айыл өкмөтүнүн ҮДТ жана ФАПтарга туберкулез оорусу боюнча какырык алынуучу жай салуу үчүн 15800-00 сом, Алымбекова көчөсүнөн өтүүчү көпүрөө талкаланып калгандыктан 5000-00 сомго цемент алууга, айылдын жаштарынын спорт аянтынын ичине спорттук шаймандары алуу үчүн 300000-00 сом, Казыбек айылына алынып келген трансформатордун установкасы үчүн 47000-00 сом.
4.Казыбек айыл өкмөтүнүн кошумча доходун сметасы тиркелип бекитилсин жана акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |