Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 3
“Жаңы-Күч айылындагы “Ы.Кадыров” атындагы китепканага акча бөлүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы “Ы.Кадыров” атындагы китепканага айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы “Ы.Кадыров” атындагы китепканын көк китебин алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6000 сом, ошондой эле экотехинспекциясын бүтүрүү үчүн 20000 сом жана эки жылыткыч алуу үчүн 13000 сом акча каражаты, жалпысы 39000 сом бөлүнүп берилсин.
2.Китепканага бөлүнгөн 39000 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |