Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 6
“Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө трансформатор орнотууга жана электр зым карагайды сатып алууга, электр зымдарды тартууга акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө трансформатор орнотууга жана электр зым карагайды сатып алууга, электр зымдарды тартууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө трансформатор орнотууга жана электр зым карагайды сатып алууга, электр зымдарды тартууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 282400 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.А.Сыдыкбеков көчөсүнө бөлүнгөн 282400 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |