Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 8
“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын көчөлөрүнүн кесилиштерине суу түтүктөрүн сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын көчөлөрүнүн кесилиштерине
суу түтүктөрүн сатып алуу үчүн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын көчөлөрүнүн кесилиштерине суу түтүктөрүн сатып алуу үчүн 100000 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Суу түтүктөрүнө бөлүнгөн 100000 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |