Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 9
“Казыбек айылындагы кичи мини футбол аянтчасын мектептин балансына өткөрүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин аянтында турган кичи мини футбол аянтчасын мектептин балансына өткөрүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин аянтында турган кичи мини футбол аянтчасы мектептин балансына өткөрүлсүн.
2.Мектептин балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |