Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 10
“Казыбек айылындагы ичүүчү таза суу жөнүндө”
Казыбек айылындагы үйлөргө ичүүчү таза суу киргизүү үчүн төлөмдөр жана таза суунун ремонтун өз убагында жүргүзүү, ошондой эле ичүүчү таза суу менен айыл элин үзгүлтүксүз камсыз кылууда “Орто-Келтебик” ИСКАКБнын төрагасынын жүргүзүп жаткан иштерин талкулоо максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик” ИСКАКБнын төрагасы Т.Абдыгазиевге төмөнкүлөрдү аткаруусу милдеттендирилсин:
-ичүүчү таза сууну үйгө киргизүү үчүн уруксат алуудагы 3000 сом жоюлсун;
-айылдын аягындагы Кызы-Тууга кеткен трассадагы колодецке пломб коюлсун;
-көчөнүн ортосуна чейин чыгып кеткен люктар көчөнүн жээгине жылдырылсын;
-айыл эли ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |