Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 12
“Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автомашинасынын ремонтуна акча бөлүү жөнүндө”
Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автомашинасынын ремонтуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автомашинасынын ремонтуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Автомашинанын ремонтуна бөлүнгөн 10000 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |