Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 1
“Казыбек айыл аймагындагы Бирназаров Бусурманкул атындагы парктын теңин айыл аймагындагы улак оюнун уюштуруучуларына берүүгө жөнүндө”
УГУЛУДУ: Күн тартибиндеги маселе боюнча Кеңештин төрагасы Б.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Казыбек айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагындагы Бирназаров Бусурманкул атындагы парктын узуну 145 (бир жүз кырк беш) метр, туурасынан 116 (бир жүз он алты ) метр улакчылардын аянтына бөлүнүп берилсин.
2. Казыбек айылындагы Бирназаров Бусурманкул атындагы парктын күн чыгыш тарабындагы мыйзамсыз тосулган огороддордогу зымдарды алынып салынсын.
3. Бусурманкул атындагы парктан туурасынан 145 метр, узунунан 116 метр жерди бөлүп, парктагы тосулган зымдарды тиешелүү жер адистери менен бирдикте алып жана чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Аттокуров |