Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 3
“Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө”
Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин бекитүү боюнча 2018-жылдын 4-майындагы айылдык жыйындын №3 протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Орто-Келтебик” СООППВнын ичүүчү сууга болгон тарифин төмөндөгүдөй бекитип берүү жагы сунушталсын:
-жарандарга ичүүчү суу үчүн бир жанга-10 сом;
-үйүнө суу киргизгенден кийинар бир жанга-20 сом;
-мектеп, бала бакча, ҮДТ, мечиттер үчүн ичүүчү сууга айыл өкмөтү аркылуу бир жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен эки тараптуу келишим түзүлүп, сметасынын негизинде акча каражаты бөлүп берүүсү;
-кольцонун ичине уруксутсыз түшсө-1000 сом айып салуу;
-көчөнү бузуп суу алып өтсө, кайра түздөлбөсө -5000 сом айып салуу;
-шланг менен огородун сугарса, курулуш иштерине пайдаланса -5000сом.
2. “Орто-Келтебик” СООППВнын жетекчиси же оператору барып көзөмөлдөө учурунда үй ээси же ошол жерде жашаган жаран туура эмес мамиле жасап жана кайма айтышса, аброюна шек келтирсе айып-2000 сом болоору, ошондой эле жеринде акт түзүлүп , сүрөткө тартылып тиешелүү чара колдонуусу сунушталсын.
3.Ар бир үй-бүлө үйүнө суу киргизүү үчүн Казыбек айылынын “Орто-Келтебик” СООППВнын жетекчиси Т.Абдыгазиев менен келишим түзүлсүн жана сууга болгон төлөмдөрдү өз учурунда төлөнүүсүнө көзөмөл кылып туруусу милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Д.Кайыпов |