Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 2
“Казыбек, Жаңы-Куч калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө”
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы №63-б буйругу жана Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 8-февраль 2018-жылдагы №10 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорло институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Казыбек айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Казыбек айыл аймагынын Казыбек калктуу конушу 430,8 гектарды, Жаңы-Күч калктууконушу 150,5 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча жалпы 582,3 гектар жер аянты бекитилсин (чек аралардын баяндамасы тиркелет).
2. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Казыбек айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча 8-февраль 2018-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө Актысы бекитилсин.
3.Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдардын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана турак-жай, жаратылышты коргоо, жол, энергетика боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Кайыпов |