Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 182
“К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жаңы имараттын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 2014-жылдын 19-ноябрь күнүндөгү кезексиз XXXII – сессиясынын №119 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жаңы имараттын курууга жер бөлүп берүү максатында Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXXI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 2014-жылдын 19-ноябрь күнүндөгү кезексиз XXXII – сессиясынын №119 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Муниципалдык менчикте башка жердин жоктугуна байланыштуу К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жаңы имаратын мектептин түндүк тарабындагы жалпы аянты 2,84(эки гектар сексен төрт сотых)га жерди түзгөн куурап бара жаткан алма бактардын ордуна салууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын КР мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.Ж.Медетов |