Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 184
“Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө”
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планы жана иш регламенти менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXXI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планы депутаттардын иш-план тууралу сунушун эске алуу менен бекитилсин.( Иш-план тиркелет).
2. Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш регламентине жарандардын арызын кароо боюнча кошумча талаптарды киргизүү менен бекитилсин. Жарандардын жана жамаатык арыздарды кароо боюнча төмөндөгүдөй кошумча талаптар киргизилсин. Алар:
Арыз менен айыл тургуну айылдык Кенешке алдын ала жазган арыз жазуу менен, эгерде арызды айылдык Кеңештин депутаттары канаатандырса гана сессияга катыша алат;
Жамаатык арыз келип катталгандан кийин сессияга катышуу тууралу алдын ала арыз жазуу менен арыз канаатандырылса гана арыз ээлеринин арасынан 1-3 адам сессияга катыша алат;
Сессияга катышкан адам өзүнө тиешелүү суроолорго жооп берүүгө жанаарыз боюнча гана тушүндүрмө берүү укугуна ээ болот;
Жеке жана жамааттык арыздар алдын ала тиешелүү тармактык туруктуу комиссияларында каралып, анан гана сессияга сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышы Айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |