Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 185
“Муниципалдык менчиктеги комбайндын элге кызмат көрсөтүүсүнүн наркын бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык менчиктеги комбайндын элге кызмат көрсөтүү наркы тууралу депутаттардын сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXXI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги комбайндын элге кызмат көрсөтүү наркы 1000 сом, күйүүчү майдын көлөмү 25 литр, учурундагы ГАЗПРОМдун наркы менен акчалай берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги комбайндын элге кызмат көрсөтүүсүн жана муниципалдык менчиктеги баардык техникалардын элге кызмат көрсөтүүсүн муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн базалык реестрине киргизип, кызмат көрсөтүү наркын КР Өкмөтүнүн алдындагы антимонополия боюнча мамлекеттик агентигинин Талас облусундагы бөлүмү менен макулдашуу жагын аткаруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |