АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXII – сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 187
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Жер салыгынын базалык ставкаларынын көтөрүү жана айыл чарбасы эмес жерлерге салык алуунун ставкасын бекитүү тууралу Талас райондук салык инспекциясынын кызматкеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXXI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Салык төлөөнүн базалык ставкалары өзгөртүлбөстөн калтырылсын.
- Желедөбө жана Арал участкаларындагы жерлерге салык кайракы жерлерге төлөнгөн салык эсебинде алынсын .
- Айыл чарба багытында эмес жерлерге салык алуу төмөндөгүдөй белгиленсин. Алар:
· Квадрат метри чоң жерди ээлеген сарайга 500 сом өлчөмүндө;
· Квадрат метри орточо жерди ээлеген сарайга 300 сом өлчөмүндө;
· Квадрат метри кичине жерди ээлеген сарайга 200 сом өлчөмүндө ;
- КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик налог кызматынын 2015-жылдын 15-октябрындагы №286 буйругу менен жана КР Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын 15-октябрындагы №01324/143 сандуу буйругу менен бекитилген типтүү келишимди бекитүү тууралуу буйрук аткарууга алынсын.
- Буйруктун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.