АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 190/А
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Талас РИИБнин Чат-Базар АИИБнун аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Темирбек уулу Шамилдин аймактык тескөөчүнүн иш бөлмөсүн ремонттоого жана кылмыштуулукту изилдөогө кеткен транспорттук чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү тууралу кайрылган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Темирбек уулу Шамилдин аймактык тескөөчүнүн иш бөлмөсүн ремонттоого акча каражатын бөлүп берүү тууралу кайрылган арызы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн кеңсесин ремонтоо иштерине бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен аткарылсын.
- Кылмыштуулукту изилдөөгө кеткен транспорттук чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү тууралу кайрылган арызы айыл өкмөтүнүн соц.пакетинде акча каржатынын жоктугунан канааатандырылбасын.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.