Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 192
«Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Айылдагы “Жанкороз” жана “Жаныбай” жамаатынын 181 айыл тургуну кол коюп, кайрылган арызын негизинде жана Талас өнүгүү фондусу тарабынан бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен айылдын социалдык инфрастуктурасын оңдоо боюнча айылдын эң көйгөйлүү маселеси деп эсептелген 3 долбоорду 2016-жылга аткаруу үчүн тандоо боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас өнүгүү фондусу тарабынан бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен айылдын социалдык инфрастуктурасын оңдоо боюнча айылдын эң көйгөйлүү маселеси деп эсептелген төмөндөгү долбоорлор тандалсын. Ал долбоорлор:
2. Кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоордун шартына ылайык курулуучу жер айыл өкмөтүнүн менчигиндеги жер болуусу талапка ылайык экендиги айылдагы “Жанкороз” жана “Жаныбай” жамаатынын арыз ээлерине маалымдалсын жана айылдын чыгыш тарабынан ылайыктуу айыл өкмөтүнүн менчигиндеги жер табылса кичи футбол аянтын айылдын чыгыш тарабына куруу жагы жалпы элдик жыйындын кароосуна коюлсун.
3. Талас өнүгүү фондусу тарабынан бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен айылдын социалдык инфрастуктурасын оңдоо боюнча тандалган үч долбоордун сметасын түзүп, тиешелүү документтерди Талас өнүгүү фондусунун байкоочу Кеңешине тез аранын ичинде тапшыруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |