АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 193
“Жазгы талаачылык иштерине карата даярдык жөнүндө”
“Төшмашат”ИСКАКБнын жетекчисинин 2015-жылы аткарылган иштер боюнча отчетунун негизинде жана жазгы талаачылык жумуштарына карата “Андаш” каналынын жана Теректин суусунан БСРге келген лотокту мониторинг жүргүзүп, ремонтко муктаж абалын аныктоо жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Төшмашат”ИСКАКБнын жетекчисинин 2015-жылы аткарылган иштер боюнча отчетунун негизинде аткарылган иштерди жеринде кароо жана жазгы талаачылык жумуштарына карата “Андаш” каналынын жана Теректин суусунан БСРге келген лотокту мониторинг жүргүзүп, ремонтко муктаж абалын аныктоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн . Алар:
- Матаев Мамырбек
- Иманов Марат
- Сыдыгалиев Бактыбек;
- “Төшмашат”ИСКАКБнын жетекчисинин 2015-жылы аткарылган иштер боюнча отчетунун негизинде аткарылган иштерди жеринде кароо жана “Андаш” каналынын жана Теректин суусунан БСРге келген лотокту мониторинг жүргүзүп, ремонтко муктаж абалын аныктоо боюнча түзүлгөн комиссия менен бирдикте иш алып барып, уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.