АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы
2016-жылдын 9-апрели № 199
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Арал айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Талас райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин Арал айылындагы мугалимдер үчүн социалдык жеңилдетүүлөрдү 2016-жылдын бюджетине киргизүү жөнүндөгү арызы жергиликтүү бюджетте акчанын тартыштыгынан канаатандырылбасын.
- Чыныке – бий көчөсүнүн жашоочуларынын таза сууну Төшмашатка кошууга 70 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү арызы жергиликтүү бюджетте акчанын тартыштыгынан канаатандырылбасын.
- Айыл тургуну Ташматов Канаттын баласынын операциясына 50.000 сом акча каржатын сурап жазган арызы азыркы мезгилде соц. пакетте акчанын жоктугунан канаатандырылбасын. Арызды соц. пакетте акча болгондо кайра кароо жагы белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышы б.а. арыз ээлерине маалымат жиберүү жагы Айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.