АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы
2016-жылдын 9-апрели № 201
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Арал айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сырттан келип айылга ишкерлик жүргүзгөн ишкерлер патент алуу аркылуу иш жүргүзүүсүн көзөмөлдөө жагы райондук салык кызматынан суралсын .
- Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесинен Арал айыл өкмөтүнүн почтасына чейинки аралыкта жашаган айыл тургундарынын арыздарынын негизинде Арал айылында 5-квартал түзүлсүн. Жаңы түзүлгөн кварталга Элдик баатыр Сейдесанов Күмүшбектин аты коюлсун жана квартал башчысына Шабданов Курманбек шайлансын.
- Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилди.
Төрага | А.Ж.Медетов |
катчысы | Н.Р.Айдарбеков |