АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXV – сессиясы
2016-жылдын 1-июну № 203
“Айылга кичи футбол аянтын курууга жерин чектөө жөнүндө”
Айылдын күн чыгыш тарабына мини футбол аянтчасын курууга жер чектөө боюнча сессияга катышкан айыл тургундарыныны жана депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдык Кеңештин 2016-жылдын 27-февралындагы №194 токтомунун 2- пункту б.а. “Кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоордун шартына ылайык курулуучу жер айыл өкмөтүнүн менчигиндеги жер болуусу талапка ылайык экендиги айылдагы “Жанкороз” жана “Жаныбай” жамаатынын арыз ээлерине маалымдалсын жана айылдын чыгыш тарабынан ылайыктуу айыл өкмөтүнүн менчигиндеги жер табылса кичи футбол аянтын айылдын чыгыш тарабына куруу жагы жалпы элдик жыйындын кароосуна коюлсун” деген пункту жокко чыгарылсын.
- Айылдагы көчөнүн күн чыгыш тарабына башка булактардан кичи футбол аянтчасы курулусун.
- Өнүгүү фондусундагы кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндөгү долбоор Арал айылынын ортосундагы Касым Балбан стадионундагы кичи футбол аянтчасынын ордуна курулсун.
- Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.