АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 208
“Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги комбайндарды жакынкы райондорго дан эгиндерин чабуу иштерине кызмат көрсөтүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги комбайндарды жакынкы райондорго дан эгиндерин чабуу иштерине кызмат көрсөтүүгө уруксат берүү жөнүндөгү депутат Б.Сыдыгалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги комбайндарды жакынкы райондорго дан эгиндерин чабуу иштерине кызмат көрсөтүүгө уруксат берилсин.
- Кызмат көрсөтүүдөн табылган акча каражаты комбайндардын ремонт иштерине жумшалсын жана Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы күздүк кылкандуу дан эгиндерин чабуу мезгили башталганда айыл өкмөтүнүн башчысынын чакыруусу менен кечикпестен келип айылдагы дыйкандарга дан эгиндерин чабуу иштерине кызмат көрсөтүү жагы жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.