АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 210
“Ар кандай маселелер жөнүндө”
Күн тартибиндеги ар кандай маселелерди угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Касым Балбан стадионунун ремонт иштерине бөлүнгөн 20000 сом акча каражаты 10 күндүн ичинде кайтарылып берилсин .
- Таза суу төлөмдөрүн түтүнгө ай сайын 50 сомдон белгиленсин.
- Таза суу боюнча “ИСКАКБ”нын төрагасы Т.Төкөлдөшовдон өткөрүп алуу комиссиясы түзүлсүн . Алар:
- Артыкбаев М
- Сыдыгалиев Б.
- Матаев М.
- Үмөт Молдо мектебиндеги кошумча имарат курууда эски материалдарды кызматынан кеткен айыл өкмөт башчысы Б. Тайтаков акчалай же материалдай 10 күндүн ичинде калыбына келтирүү жагы жана эгерде калыбына келтирбесе тиешелүү укук коргоо органдарына берүү жагы белгиленсин.
- АВП “Андаш суу” тарабынан ремонттолгон жерлерди кыдыруу жана аткарган иштерин депутаттык комиссия менен кабыл алынсын жана төмөндөгүдөй комиссиянын түзүлсүн. Алар:
- Матаев М.
- Оморов Э.
- Шыгаев Ш.
- Жайыт комитетинин 2015-жыл ичинде аткарылган иштеринин жана бюджетинин аткарылышы боюнча 15 күндүн ичинде отчет берүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.