Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 213
“Жайыт ресурстарына мал жаюу менен байланышпаган жер участогун башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө”
Арал айылындагы “Кызыл- Чоку участогундагы №25 чөйрө сызыгында жайгашкан жерди жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган жер участогу катары байланыш сапатын жакшыртуу максатында ЖКК Нур- Телекомдун “О” уюлдук базалык станциясын (антенна) коюу үчүн берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Д.Мүсүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы “Кызыл- Чоку участогундагы №25 чөйрө сызыгында жайгашкан (аянты 50,0м2 ) жер, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган жер участогу катары байланыш сапатын жакшыртуу максатында ЖКК Нур- Телекомдун “О” уюлдук базалык станциясын (антенна) коюу үчүн 2 жылдык мөөнөткө берилгендиги тууралу типтүү келишимге депутаттар тарабынан макулдук берилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |