Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 214
“Мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлөө адистик кызмат ордун келишимдин негизинде уюштуруу жөнүндө”
Мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлөө адистик кызмат ордун келишимдин негизинде уюштуруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451сандуу токтомуна ылайык айыл өкмөтүнө мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлөө адистик кызматы келишимдин негизинде 2016-жылдын 1-августунан баштап, 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө уюштулсун жана ушул мөөнөттө элге кызмат көрсөтүү акылуу болгон мезгилде айыл өкмөтү тарабынан келишимдин негизинде акы төлөө токтотулсун.
2. Келишимдик негизде жаңы уюштурулган кызмат ордунун эмгек акысы бюджеттин 2015-жылдын каражатынан ашкан соц. пакеттеги акча каражаттын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |