Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 215
“Айылдагы №98 жана №99 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого талапкерлерди бекитип берүү жөнүндө”
Үстүбүздөгү жылы боло турган жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоого карата айылдагы №98 жана №99 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого талапкерлердин арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоого карата айылдагы №98 жана №99 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого талапкерлер бекитилсин.
2. Токтом жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого талапкерлердин тиешелүү документтери участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү үчүн Талас аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Ж.Медетов |