Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 218
“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн типтүү келишимди карап жана талкуулап чыгып Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 штаттык бирдик бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |