Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27 - сентябры № 221
“Арал айыл өкмөтүнүн “камакка алынган” өздүк эсебин ачуу жөнүндө”
Талас райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн 19.08.2016-ж Талас райондук соту тарабынан берилген №ГД-229/16Т4, 29.04.2016-ж сандуу соттун аткаруу документтеринин негизинде карызкор Талас районундагы Арал айыл аймагынан өндүрүп алуучу Байызбек уулу Жаныбектин пайдасына болгон 87600
(сексен жети миң алты жүз сом) өлчөмүндөгү акча каржатын мажбурлап өндүрүү жөнүндөгү токтому негиз болуп, ”камакка салынган” Арал айыл өкмөтүнүн өздүк эсебин өндүрүштүн зарылдыгына байланыштуу ачтыруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Апышовдун сунушун угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIX– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн 19.08.2016-ж Талас райондук соту тарабынан берилген №ГД-229/16Т4, 29.04.2016-ж сандуу соттун аткаруу документтеринин негизинде карызкор Талас районундагы Арал айыл аймагынан өндүрүп алуучу Байызбек уулу Жаныбектин пайдасына болгон 87600(сексен жети миң алты жүз сом) өлчөмүндөгү акча каржаты Арал айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын ашыкча каражат эсебинен токтомдо көрсөтүлгөн эсепке которулуп берилсин.
2. Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы карызкор айыл тургундарынан тез аранын ичинде карыз акча каржаттарын өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |