Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27 - сентябры № 222
“Айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар мезгилинде суу алып кеткен көпүрөлөрдү куруу үчүн жетишпеген материалдарды алууга жана көпүрө куруу иштерин уюштурууга керектелүүчү акча каржатын бөлүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылдын май-июнь айларында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар мезгилинде суу алып кеткен көпүрөлөрдү куруу үчүн жетишпеген материалдарды алууга жана көпүрө куруу иштерин уюштурууга керектелүүчү акча каржатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Апышовдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIX– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар мезгилинде суу алып кеткен көпүрөлөрдү куруу үчүн жетишпеген материалдарды алууга жана көпүрө куруу иштерин уюштурууга керектелүүчү акча каржаты Арал айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинен бала бакчасын уюштурууга ( бала бакчанын кошумча имарат куруу иши убактылуу токтоп тургандыгына байланыштуу) бөлүнгөн акча каражат эсебинен 600(алты жуз миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин
Төрага | А.Ж.Медетов |