Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27 - сентябры № 224
“Шайлоо участкаларынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Талас аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 2016-жылдын 19-сентябрындагы №33 чыгыш сандуу кайрылуу катынын негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIX– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы №6098 жана №6099 шайлоо участкаларынын чек аралары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-№6098 Арал шайлоо участкасы
-Борбору К.Нанаев атындагы Арал орто мектеби.
-Чек аралары – К.Абдылдаев атындагы туура көчөнүн так сан тарабынан чыгышты көздөй айылдын батышына чейин жана анын аймагында жашаган шайлоочулар кирет.
-№6099 Кашка-Жол шайлоо участкасы.
-Борбору – М.Сейталиев атындагы орто мектеби.
-Чек аралары – К.Абдылдаев атындагы туура көчөнүн так тарабынан батышты көздөй айылдын аягына чейин жана анын аймагындагы жашаган шайлоочулар кирет.
Төрага | А.Ж.Медетов |