Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27 - сентябры № 226
“Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын кошумча имаратын куруу ишин аяктоого акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Арал айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылы башталып, бүтпөй калган Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын кошумча имаратын куруу ишин аяктоого акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIX– сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылы башталып, бүтпөй калган Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын кошумча имаратын куруу ишин аяктоого керектелүүчү 397,600 (үч жүз токсон жети миң алты жүз сом) акча каражаты Арал айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине каралган балдар бакчасын уюштурууга бөлүнгөн акча каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ж.Медетов |