Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28 - октябры № 229
“Айылдагы Касым Балбан стадионуна курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына кошумча объектилерди курууга акча каржатын бөлүү жөнүндө”
Айылдагы Касым Балбан стадионуна курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына кошумча объектилерди курууга акча каржатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын жана депутат М.Артыкбаевдин сунушун угуп жана талкуулап,Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXXXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи футбол аянтчага душ, даараткана жана таза суу киргизүү үчүн б.а сметада көрсөтүлгөн кошумча объектилерди курууга 2016-жылдын бюджетинин 9 айдын жыйынтыгы менен ашкан каражат эсебинен 470,0 (төрт жүз жетимишмиң) сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Медетов |