АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXX – сессиясы
2016-жылдын 28 - октябры № 230
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Айыл тургундарынын арыздарын оозеки кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXXXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл тургуну Жунушалиев Шериктин үйү кырсык болуп өрттөнүп кеткендиктен жардам катары айыл өкмөтүнүн атайын эсебинен 50000 сом акча каржатын бөлүп берилсин.
- Айылдык Кенештин төрагасынын ден-соолугуна байланыштуу дарылануусуна айыл өкмөтүнүн атайын эсебинен 50000 сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
- Айылдагы борбордук мечитке жума намаз күндөрү намаз окулуучу жайды жылытуу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен электр жылыткычы сатылып берилсин.
- К.Нанаев атындагы орто мектебине баруучу жолдогу каналга окуучулар өтүүчү көпүрө салууга түзүлгөн сметанын негизинде 2015-жылдын бюджетинен ашкан каражат эсебинен 67000 (алтымыш жети миң) сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
- Айылдагы 5 квартал жоюлуп, айыл 2 жамаатка (жогорку жана ылдыйкы жамаатка) бөлүнсүн. Квартал башчылары жамаат башчыларына жардамчысы боюнча калтырылсын.
- Айылдагы көкбөрүчүлөр тарабынан айылга райондук деңгээлде көкбөрү оюнун уюштурууга суралган акча каржаты айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен спорт оюндары үчүн каралган акча каржат эсебинен 20000(жыйырма миң) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин