Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28 - октябры № 231
“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”
Арал айыл өкмөтүнүн жер коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Укуеванын кызматтык жер бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулапчыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXXXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-главасынын “Кызматтык жер аянты” жөнүндөгү 52-беренесинин 6-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Ибраимовага 3 жылдан бери пайдаланып жүргөн латоктун жээгиндеги (Турдугулдун кыштоосундагы “Кеңеш” дыйкан чарбасына бөлүнгөн үлүш жердин батыш жагындагы) 0,20 га жер кызматтык жер катары бөлүнүп берилсин .
2. КР мыйзамдарынын чегинде жер салыктары пайдаланып келе жаткан 3 жылдан бери мөөнөткө төлөп берүү жагы арыз ээсине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
Төрага | А.Медетов |