Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22 - ноябры № 236
“Ар кандай маселелер”
Арал айыл өкмөтүнүн аймагында салыктын бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрүнүн өз убагында чогултулбай жаткандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXXXXI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн аймагында салыктын бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдү убагында чогултууну уюштуруу иши жана айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштери аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү бардык аныктамалар салык төлөмдөрүнө карызы жок гана айыл тургундарына берилсин.
3 Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
Төрага | А.Медетов. |